Жаңылыктар
Сарайдан чыккан өрт
УТРК жаңылыктары
Сарайдан чыккан өрт

Бүгүнкү түнкү саат 04:04дө Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы Кыштообай көчөсүндө  2 кабаттуу сарайдан чыккан өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №36 өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылып, саат 08:40да өрт толук өчүрүлдү. 

Өрттүн кесепетинен сарай, 1000 түк чөп, 200 түк саман, 10 баш кой, 2 баш уй күйгөн. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.