Жаңылыктар
Аскерге кызмат өтөөнү каалагандардын саны көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Аскерге кызмат өтөөнү каалагандардын саны көбөйүүдө

Жыл өткөн сайын аскерде кызмат өтөөнү каалаган уландардын саны көбөйүүдө. Ал гана эмес жогорку билимге ээ болгон жигиттер да жоокер болуп, кызмат өтөп жатышат. Мындай пикирин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу башкармалыгынын башчысы Арстан Керималиев билдирди. 

Анын айтымында, быйыл өлкө аймагы боюнча аскерге чакыруу 1-апрелден 30-июнга чейин жүргүзүлөт. Анын алкагында 3 миң улан аскердик кызмат өтөөгө, ал эми альтернативдик негизге 7 миңге чукул жоокер жазылат. 

Бул 18 жаштан 25ке чейинки өлкөнүн жарандары. Ошол эле учурда коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү жогорку билимге ээ болгондор 11 ай кызмат өтөгөн соң дагы бир айлык окуудан өтүп, офицер наамын алып жатканын белгиледи.