Жаңылыктар
Сапар Исаков Нарындагы көп балалуу үй-бүлөдөн кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Сапар Исаков Нарындагы көп балалуу үй-бүлөдөн кабар алды

Премьер-министр Сапар Исаков көп балалуу Кайырбүбү Нуралиеванын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Анын уулу Эламан бала чагынан бери көзү азиз. Кайырбүбү Нуралиеванын жети баласы бар. Үй-бүлө социалдык колдоого муктаж болуп турган. 

Премьер-министр алардын үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөттү. Ошондой эле Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Эламандын ден-соолугуна карата аны медициналык дарылоодон өткөрүүнү тапшырды.