Жаңылыктар
Балдар арасында кургак учуктун күчөгөнүнө, эмдөөдөн өтпөй калганы себеп болууда
Ден соолук
Балдар арасында кургак учуктун күчөгөнүнө, эмдөөдөн өтпөй калганы себеп болууда

Кыргызстанда кургак учук боюнча абал туруктуу. Бул дарт менен ооругандар жана көз жумгандардын саны 15 жыл мурдагыга салыштырганда 5 эсеге азайды. 

Бирок кургак учукка каршы эмдөөдөн өтпөгөн балдар арасында мээде, сөөк, муундун өтүшүп кеткен кургак учук дарты күчөп жатканын маалымат жыйынында Улуттук фтизиатрия борборунун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Айсалкын Тешебаева билдирди. 

Анын айтуусунда, буга айрым жаш ата-энелердин балдарын кургак учукка каршы эмдөөдөн өткөрбөй жатканы себеп болууда. 

Кургак учуктун ачык формасы аба аркылуу жуккандыктан өзүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгы үчүн балдарды эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүү керектигин белгилешти.