Жаңылыктар
А.Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапары соңуна чыкты
Саясат
А.Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапары соңуна чыкты

Негизги жыйынтык - элдин пайдасын көздөгөн 20га жакын келишимдерге кол коюлуп, лидерлер эки өлкөнүн достук, кызматташтык мамилесин дагы бир тепкич жогору көтөрүүгө шарт түзүштү. Келишимдер айыл чарбадан тартып аскерий кызматташтыкка чейин, ага катар эки элдин карым катнашын бекемдөөгө багытталган. 

Кыргыз президентинин коңшу Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары күтүлгөндөй эле олуттуу жыйынтыктар менен коштолду. Жалпы 19 документке кол коюлуп, бул кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыкты. 

Мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу боюнча протоколго коюлду. Документ Шавкат Мирзиеевдин буга чейин Бишкекке болгон сапарында толук макулдашылган. Ага ылайык коңшу өлкө менен 1170 чакырым же 85 чек ара тилкеси такталган. Андан кийин кыска убакыттын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарындагы 5 көзөмөл өткөрүүчү бекетери ачылып, жергиликтүү тургундар учурда эки тарапка тең эч тоскоолдуксуз өтүшүүдө. 

Мамлекеттик сапардын биринчи күнүндө жалпы 13 документке кол коюлуп, ага декларациядан тышкары коргоо, коопсуздук, соода экономикалык байланыш жана бажы операцияларын тартиптөө, статистикалык маалыматтар менен алмашуу документтери кирген. Кол коюуга кошумча 6 документ бүгүн даярдалып, анын бири транспорт тармагына арналган. Учурда Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багыты боюнча жүк ташуу макулдашылып, бул өз кезегинде Өзбекстан-Кыргызстан-Кытайдын соода алмашуусуна жакшы шарт түзүп берери болжонууда. 

Негизги келишимдерден Камбар-Ата 1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча меморандумга кол коюлду. Ага катар коңшу өлкөгө электр энергиясын экспорттоо боюнча келишим колдоо тапты. Президент Алмазбек Атамбаев эки мамлекетте кайчы пикир жарата турган маселе калбашы керек деп билдирди.