Жаңылыктар
БШК: шайлоого акыркы даярдык иштери
Саясат
БШК: шайлоого акыркы даярдык иштери

Ушу күндөрү өлкө боюнча шайлоо өткөрүүгө камылга аяктап калды. Борбордук шайлоо комиссиясы менен мамлекеттик каттоо кызматы - эл аралык байкоочуларга, илимий-эксперттик кеңеш мүчөлөрүнө жана журналисттерге шайлоо системасы кандай иштей тургандыгы боюнча түшүндүрмө берди. Иш-чарада шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды. 

Боршайком азыр акыркы даярдык иштери менен алек. Шайлоону өткөрүү мойнуна жүктөлгөн адистер добуш берүү процессин жана автоматтык урнанын ишин көрсөтүп берди. 15-октябрда ар бир шайлоочу ушундай жолду басып өтөт. Шайлоо күнү техника, система жана добуш кабыл алчу операторлор аксап калбашы керек. Толук, 100 пайыз даярдык үчүн бардык участокто жабдууларды тестирлөө жүрүүдө.

Добуш берчү жерлер такталып, калктын санына жараша бөлүнгөн. Боршайком болсо бюллетендерди даярдап бардык аймакка тараткан.
Бийлик таза, ачык-айкын шайлоо өткөрүү аракетинде. Кайсы адам кимге добуш берип жатканы сыр бойдон калат. Эски шайлоо ыкмасында колдонулчу административдик ресурс колдонуу деген жок. Эгер кандайдыр бир коркутуу, кысымга алуу фактылары аныкталса мыйзам чегинде чара көрүлөт. 

Кыргызстандагы маанилүү окуяга дүйнө эли көз салат. Кыргызстандагы акыркы шайлоолорго сары эсеп салган эл аралык байкоочулар, шайлоонун ачык өтүшүнө шарт түзүлгөнүнө оң баа беришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда убакыт жылган сайын өзгөрүп турчу көрсөткүчтөрдү ыкчам чагылдырат. Ал күнү расмий маалыматтар берилип кырдаалга жараша калкка кабар таратылат. Мындай ыкма буга чейин дагы колдонулган.