Жаңылыктар
С.Жээнбековдун оппоненттери анын беделин түшүрүү аракетине өттү
Саясат
С.Жээнбековдун оппоненттери анын беделин түшүрүү аракетине өттү

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун оппоненттери социалдык тармактарга жалган маалымат жүктөп, анын беделин түшүрүү аракетине өттү. Талапкердин каршылаштары интернетке мисалы жолугушууга келген Жээнбековду Ош шаарынын жашоочулары кубалап жаткан маалыматты таратууда. 

Алар видеону далил катары көрсөткөн. Бирок бул тасма төрт жыл мурдагы окуя экен. Каралоонун аркасынан башка дагы кызыктуу көрүнүштөр калкып чыкты.

Дал ушул учурда жаш жигиттер сахнага чуркап чыгып, Сооронбай Жээнбеков көпчүлүккө аралашты. Кийинки сөзү үзгүлтүккө учурап, анын үнүн кыйкырык-сүрөөндөн угулбай калды.

Бул видеону тараткандар тасма кечээ, жакында тартылган деп ишендирүүдө. Азыр Ош облусунда күндүн жылуусу кайта элек, ал эми видеодо суук мезгил экени даана көрүнүп турат. Баары калың кийимчен...

Бул маалымат жалган болуп чыкты. Бирок мындай учур болгонун эч ким танбайт. Эң кызыгы видео үгүт иши кызыган маалда эмес, 2013-жылы декабрда тартылган. Бул митинг болчу. Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сөзүн бөлгөндөр Оштун ал кездеги мэри Мелис Мырзакматовдун кишилери. 

Интернет колдонуучулардын көзүнө Жээнбековго кол салган спорттук дене түзүлүштөгү жигиттерди ким баштап жүргөнү илинет. Ал кикбокс боюнча чемпион Шайлообек Атазов болуп чыкты. Бул дагы аягы эмес.

Талапкер Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү Ош шаарындагы шайлоочулары менен жолугушууга барат. Ал буга чейин облуска бир топ жолу барганы менен ордолуу Оштун өзүнө президенттикке талапкер катары расмий бара элек.