Жаңылыктар
Шайлоо мыйзамы бузулдубу?
Саясат
Шайлоо мыйзамы бузулдубу?

Шайлоо жакындаган сайын көптөгөн активисттер менен саясатчылар шайлоо өнөктүгүн ошончолук көп талкуулап жатат.  Бирок жарандык активисттердин берген баасы - ар бир талапкердин үгүт өнөктүгүнүн алкагындагы жүрүштөрүнө ар башкача болуп жатат. Алсак, биринен тапкан мыйзам бузууну башкасынан көрбөйт.

“Таза шайлоо үчүн” деп аталган жарандык кыймыл өзүн көз карандысыз жана адилеттүү уюм катары даңазалап келет. Ага азыр оппозицияда жүргөн мурдагы атка минерлер жана “Ата Мекен” партиясынын тарапташтары кирет. 

Бабановдун штабы мындай көрсөкүчтү кайдан алганы дагы деле белгисиз. Аны менен катар ондогон суроолор жообун таппай келет: “Бул изилдөөнү ким жүргүзгөн? Кандай усул менен? Сурамжылоого канча адам катышкан? Жаңылыштыктын пайызы канчалык? Эгерде булар жок болсо, анда бул мыйзамдын анык бузулушу. 

Бирок Боршайкомдун мурдагы мүчөсү, учурда “Ата Мекендин” өкүлү жана активист Канатбек Азиз - Бабанов тарабынан эч кандай мыйзам бузууну байкаган жок.