Жаңылыктар
А.Атамбаев татыктууларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
А.Атамбаев татыктууларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Президент Алмазбек Атамбаев татыктууларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мугалимдер, дарыгерлер, спортчулар, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук жана маданият ишмерлери Кыргызстандын социалдык-экономикалык, рухий жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн орден, наам жана ардак баракчалары менен сыйланышты. 

"Урматтуу мекендештерим, сыйлыгыңар кут болсун!. Мен сиздердин ишеничиңиздерди актадым деп ойлойм жана мени ар дайым эстеп жүрөсүздөр деп үмүт кылам. Мен президент катары катышып жаткан акыркы салтанатта отурабыз. Акыркы 6 жыл аралыгында мени колдоп жүрдүңүздөр. Бактылуу болуңуздар!", - деди Президент.