Жаңылыктар
Бүгүн вице-премьер-министр Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн вице-премьер-министр Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты өтөт

Бүгүн вице-премьер-министр Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты өтөт. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты алгач борбордук аянтта мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда болот андан соң, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча өкмөттүн уюштуруу комитети түзүлгөн, аны өкмөт башчы Сапар Исаков жетектеген. Маркум вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы 7-октябрда таңкы саат 7:30да Бишкек-Чалдовар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен кагылышкан. 

Жол кырсыгынан үчөөнүн тең өмүрү кыйылды. Өкмөт алар Талас облусундагы шайлоо участокторунун даярдыгын текшерүү үчүн баратканын маалымдады. Ал ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалаган. Жумакадыровдун артында 4 кызы калды.