Жаңылыктар
Өзбек маданият күндөрү ийгиликтүү өттү
Маданият
Өзбек маданият күндөрү ийгиликтүү өттү

Кыргызстанда эки элдин эзелтеден уланып келген достугун даңазалаган өзбек маданият күндөрү ийгиликтүү өттү. Өзбекстандын искусство чеберлери 6-октябрда Бишкекте, эртеси Ош шаарында өнөр тартуулап, ошондой эле өзбек фильми көрсөтүлүп, “Азыркы Өзбекстан” -деп аталган сүрөт көргөзмө уюштурулду. 

Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү адегенде Бишкекте башталып, Өзбекстандын бюджеттүү кинолорунун бири   “Айкыз жомогу” тасмасы "Октябрь" кинотеатрында көрсөтүлдү. Кинорежиссер Акбар Бектурдиевдин чакан падышалык тууралуу тасмасы Кыргызстандын чоң экранында сейрек көрсөтүлгөн өзбек тасмаларынын бири болуп калды. Анан кечинде   улуттук филармонияда искусство чеберлеринин концерти  болду, 7-октябрда Маданият күндөрү Ош  шаарында уланып, “Семетей” кинотеатрында кино көрсөтүлсө, Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрда искусство чеберлеринин концерти жана       “Азыркы Өзбекстан”- деп аталган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Маданият күндөрү  8-октябрда  жыйынтыкталды.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"