Жаңылыктар
Бишкек: жылуулук берүү сезонуна даярдыктар аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: жылуулук берүү сезонуна даярдыктар аяктады

Бишкек шаардык мэриясы кышкы жылуулук берүү сезонуна толук даяр. Борбор калааны жылуулук менен камсыз кылган мекемелер реконструкциядан өтүп, айрымдарынын жабдуулары жаңыланды. Ошондой эле жылуулук берүү сезонунда керектелүүчү көмүр толук камдалды. Буга кошумча 20 буу казан көгүлтүр от менен жылуулукту камсыз кылып берет.

Бирок шаардыктарга жылуулук 5 күн бою 8 градустан жогорулабаса гана бериле баштайт. Алгачкылардан болуп ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге жана башка социалдык мекемелерге берилсе, андан соң турак-жайларга өтөт. 

Бегайым Абдыкадырова  “Биринчи радио”