Жаңылыктар
“Манас” эпосу өзбек тилиндеги котормосу Ташкентте басылып чыкты
Маданият
“Манас” эпосу өзбек тилиндеги котормосу Ташкентте басылып чыкты

“Манас” эпосу өзбек тилиндеги котормосу Ташкентте кайрадан басылып чыкты. Өзбек лидери президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш-сапарында анын алгачкы нускасын тапшырды. 

Дегеле “Манас” эпосу дүйнөнүн ондогон тилдерине которулган. Ал эми Өзбекстан менен мамиле жылый баштаганда кошуналардын бул иши Кыргызстанга көрсөткөн сый, урматынын белгиси деп түшүнсө болот. 

Эске салсак, “Манас” эпосу буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак тилдерине которулган. Манас аталышында дүйнөнүн бир канча жерлеринде аталыштар бар. Алсак, Кытайда Манас шаары, Манас булагы, Японияда Семетей шаары, Испанияда Манас шаары, Казакстанда Манас жайлоосу, Кореяда Манас чокусу, Венгрияда Манас айылын айтса болот. “Манас” эпосу дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннестин “Рекорддор” китебине киргизилген.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"