Жаңылыктар
«Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу бүткөрүлөт
Экономика
«Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу бүткөрүлөт

«Түндүк-Түштүк» атаандаш жолунун курулушу өз мөөнөтүндө бүткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Нарын облусунда иш-сапары учурунда билдирди. 

Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда социалдык объекттердин курулушу, ички жолдорду жакшыртуу, ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү, экспортко багытталган азыктарды сыртка чыгарууга жетиштүү шарттарды түзүү боюнча талкуу болду. 

Иш-сапарынын алкагында премьер бир катар объектилерди кыдырып, элдин жашоосунан кабар алды. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"