Жаңылыктар
Түркияда 3 миллиондой качкын баш калкалоодо
Саясат
Түркияда 3 миллиондой качкын баш калкалоодо

Түркия менен Европа биримдиги качкындар маселесинде бир пикирге келе элек. Уюм Анкаранын сунуштарын кароого убакыт сурады. Мигранттардын агымынан чоочулаган Европа мамлекеттери Түркияны качкындарды өз аймагынан үчүнчү өлкөгө чыгарбоого үндөп жатса , Анкара маселени чечүү үчүн кошумча каражат бөлүүнү сурады. 

Түркия Европа Биримдигинен качкындар үчүн бөлүнө турган каражаттын көлөмүн 2 эсеге көбөйтүүнү сурады. Бирок, мурда убадаланган 3 миллиард евро али күнчө бериле элек. Анкара бул кечиктирүүнү сындап, качкындар көйгөйүн чечүүдө кайдыгер мамиле болуп жатканын белгиледи. Кезексиз өткөрүлгөн саммитте мигранттарга каражаттын көлөмүн көбөйтүү талабы гана эмес, Түркиянын Евробиримдикке кирүүсүн тезирээк ишке ашыруу маселеси да козголду. Европа өлкөлөрү качкындарды өз аймагына киргизбеш үчүн Аксарайдын жардамына муктаж. Анкара учурдан пайдаланып ондогон жылдардан бери чечилбей келген уюмга кошулуу жараянында оң натыйжа болот деп үмүт артууда. 

Түрк бийлигинин маалыматына таянсак, өлкөдө 3 миллиондой качкындар баш калкалап турат. Алардын басымдуу бөлүгү коңшу Сириядан ооп келгендер. Мигранттардын агымынан чоочулаган Европа өлкөлөрү менен Түркиянын соодалашуусу Брюсселде кезексиз өткөн саммитте ачык көрүндү. Анкара мурда убадаланган 3 миллиард еврону 6 миллиардга көбөйтүүнү сунуштап жатат. Миграциялык кризисти жоюуда Түркиянын олуттуу орду бар экенин жыйынга катышкандардын пикирлеринен баамдоого болот. Жетишилген макулдашууга ылайык Европага өтүп кеткен миңдеген качкындар Түркияга кайра кайтарылат. Британ премьер-министри Девид Кемерон: 

Жыйын өтө узак жана татаал болду. Бирок,  менимче маселени чечүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Келечекте Грецияга өтө турган  качкындарды Түркияга кайтаруу жүрө баштайт. Бул ишке ашса адамдарды мыйзамсыз  ташыган бизнес талкаланат.

Бирок, бул келишим укук коргоочуларды тынчсыздандырууда. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Европадагы өкүлү Винсан Кошетель:

Адам укугу боюнча европалык конвенция чет  өлкөлүктөрдү массалык түрдө депортациялоого тыюу салат. Качкындарды үчүнчү  өлкөгө кайтаруу боюнча жетишилген бул келишим европалык да, эл аралык да  укуктук ченемдерге карама-каршы келет.

Түркия Евробиримдиктен 6 миллиард евро каражат сураганы менен, мурда убадаланган 3 миллиардды да ала элек. Анкара өлкө аймагында кармалып турган качкындар үчүн өз эсебинен 10 миллиард доллар сарпталганына ишендирет. Аксарай Евробиримдиктен бериле турган жардамды көбөйтүүдөн сырткары өз өлкөсүн уюмга кошуп алууну тездетүүнү да сунуштады. Расмий түрдө талапкер макамына ээ Түркия мүчөлүккө кирүүдө коюлган 35 техникалык талаптардын 14үн гана аткарган. Ошондой эле сөз эркиндиги, адам укугу жаатында да сындар айтылып жүрөт. Бирок, Анкара уюмга кошула албаганын башка себептерден көрөт. Түрк өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу өз өлкөсү менен Европа биримдиги бири-бирине муктаж экенин айтат.

Саммит Евробиримдикке Түркия, Түркияга  Евробиримдик керек экенин көрсөтүп жатат. Болуп жаткан чакырыктарга,  көйгөйлөргө көмөк көрсөтүшүп гана каршы тура алабыз. Аларды бирге гана  жеңээрибиз шексиз. Биздин өлкө уюм менен кызматташууга, анын мүчөсү болууга да  кызыкдар. 

Бирок, Түркиянын мүчөлүккө кабыл алынуусуна каршы пикирдегилер жетиштүү. Алардын бири француз президенти Француа Олланд бул маселе жакын арада чечилбестигин, түрк жарандары үчүн визасыз режимди иштетүүдө да көптөгөн талаптар аткарылышы зарыл экенин белгилейт.

“Визасыз режимди жеңилдетүү июнь айында ишке  ашышы мүмкүн. Бирок, ал үчүн Түркия коюлган 72 талапты аткарышы керек. Ушундай  шартта гана өзгөртүү киргизүүгө жол ачылат".

Анкаранын сунуштарын кароого Евро биримдиктин лидерлери убакыт сурады. Кийинки жолугушуулар 17-18-март күндөрү болот. Эгей деңизи аркылуу Грецияга ар күн сайын жүздөгөн качкындар өтүүдө.  Брюсселдеги саммит аяктагандан кийин аталган өлкөнүн премьер-министри Түркиянын өкмөт башчысы менен Измирде жолугушуп,  миграциялык кризиске каршы күрөшүүнү макулдашты. Буга чейин Европа биримдигине мүчөлүккө кабыл алынбай келген Түркия уюмга кирүүгө болгон кызыгуусу жоголгонун жарыялаган жайы бар. Эми абал өзгөрүп, качкындар кризисин пайдаланып, үзүлгөн үмүтү кайра жана баштагандай таасир калтырууда.

Калыгул Асамбаев, БИРИНЧИ РАДИО