Жаңылыктар
Жалал-Абад: Кара-Көл шаарында 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Кырсык
Жалал-Абад: Кара-Көл шаарында 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай,  кечээ  8-октябрда саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 423-чакырымында мамлекеттик № S95-97AL “Вольво” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа менен мамлекеттик № S63-61АЕ “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен Хонда-Фит унаасындагы 5 адам каза болгон (2 эркек, 3 аял). Каза болгондордун жансыз денеси Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Окуя болгон жерде КР ИИМ кызматкерлеринин ыкчам тергөө тобу тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.