Жаңылыктар
Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты
Кыргызстан жаңылыктары
Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты

Бүгүн вице-премьер-министр Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында болду. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Темир Жумакадыров акылы тунук, көрөгөч жана таза киши болгонун айтып, Жумакадыровдой таза кишилерди аз көргөнүн баса белгиледи. "Коррупция менен күрөшүүдө жана күч түзүмдөрүн реформалоодо чоң иштерди жасаганын айтып, көп улуттуу кыргыз эли жылдыздай уулунан айрылганын, Темир Жумакадыров келечекте Кыргызстанды жетектей турчу кишилердин бири болчу", - деди


Эскерте кетсек, кырсык 7-октябрда эртең менен саат жети жарым чамасында Бишкек — Кара-Балта жолунда, Москва районунун Садовое айылында болгон. Вице-премьер бараткан жол тандабас жүк ташуучу унаа менен кагылышып, Жумакадыров менен бирге анын жардамчысы жана айдоочусу да набыт болду. Ал эми "КамАЗдын" айдоочусу бүгүн №1-убактылуу кармоочу жайына 2 айга камалды.