Жаңылыктар
Дебаттар шайлоочулардын тандоосуна таасир эте алды
Шайлоо 2023
Дебаттар шайлоочулардын тандоосуна таасир эте алды

Коомдук каналдагы дебаттар ачык-айкын болуп, талапкерлерлер үчүн кеңири мүмкүнчүлүк берди жана шайлоочулардын тандоосуна таасир эте алды. Бул туурасында “Жарандык платформа” коомдук бирикмесинин көз карандысыз эксперттери өткөргөн маалымат жыйынында белгиленди. 

Ошондой эле алар 12 шаарга байкоо жүргүзгөн, натыйжада жарнамалары эң көп илинген талапкер Өмүрбек Бабанов экени аныкталган.  

Эске сала кетсек Кыргызстандын 5-президентин шайлоого 5 күн калды. Бул жолу жалпы тизмеге кирген 3 миллион 25 миң 768 жаран добуш берүүгө укуктуу. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"