Жаңылыктар
Кышка даярдыктар кызуу өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кышка даярдыктар кызуу өтүүдө

Алдын ала божомолдорго ылайык, быйылкы кышта өткөн жылдарга салыштырмалуу кардын көп жаап, суук болоору айтылууда. Андыктан көмүр менен камсыздоо иштери дагы, өткөн жылдарга салыштырмалуу эрте башталган.

Ордо калаада көмүр сатуучу кампалардын баардыгы бош эмес. Биринен сала экинчиси каз катар ачылган кампалардан, дүңүнөн да, кап менен да каалаган көмүрдү жүктөп кетсең болот.
 Республика боюнча дал ушундай көмүр сатуучу кампалардан баардыгы болуп 600 гө чукул уюштурулган. Өткөн аптада 2-3 күн катары менен жааган жамгырдан соң, көмүр сатып алуучулар бир аз жанданып калган. Бүгүн болсо, баардык кампалардын эшиги ачык турганы менен , көмүр сатып алгандардын саны жокко эсе.
 Сатуучулар белгилегендей, көмүр биринчи кар жааган учурдан тарта жакшы өтө баштайт. Ал эми баалары кезек, майдасына карата ар кандай. Эң башкысы тоннасы былтыркыдай эле 3 миң сомдон жогору.
 Кыргызкөмүр ишканасы кара алтын казуучу жайлардагы бааларды көзөмөлдөсө, көмүр сатуучу кампалардагы баалар, монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан текшерилип турат.
 ”Республиканын түндүгүндө жол чыгымдарын эске алганда эң кымбаты 4800 гө чейин болсо, түштүк облустарынын алыскы аймактарында 6000 миңге чейин болот. Быйыл көмүр казуучу жайлар кара алтындын баасын көтөргөн жок. Баардыгы өткөн жылдагыдай эле болот”,-деп билдирди “Кыргызкөмүр” ишканасынын техникалык директору Валерий Бобров.
 9-октябрга карата кара алтындын баасы ар бир аймакта ар кандай:
 

Нарын-1300;
 Чүй-3400;
 Талас-3200;
 Ысык-Көл- 5500;
 Жалал-Абад-2500;
 Ош-3500;
 Баткен-1000.

Быйыл кара алтындын баасы тоннасына 3,5 миң сомдон 4 миңге чейин жетүүдө. Кара отунга баалар түндүк аймак боюнча, эң төмөн азырынча Нарын облусунда - тоннасын 1 миң 300 сомдон табууга болот. Чүй облусунда 3400 сомдон өйдө. Таласта 3200 сомдон жогору. Ал эми эң эле кымбат Ысык-Көл аймагында, бул жерде жашоочуларга көмүрдү тоннасына 5,5 миң сомго чейин сунуштагандар бар.
 Кара алтындын баасы Жалал-Абадда 2 жарым миңден жогору болсо, Ошто 3 жарым миңден өйдө. Эң арзаны Баткен облусунда көмүр чыккан жерден бир тоннасын 1000 сомдон жүктөп кетсе, жолдун чыгымдарын эске алганда 6 миңге чейин жогорулап кетет.
  Ал ортодо Бишкек шаардык мэриясы аз камсыз болгон жана жардамга муктаж 4 жарым миңге чукул үй-бүлөөгө көмүр таратуу ишин аяктап калды. Айта кетсек, эки жылдан бери көмүргө кошумча бекер отун да берилип келет.
 Жер-жерлерде көмүр сатуучу жайларды түзүлүп, анын баасы мында ары кескин көтөрүлүшүнө жол берилбей турганы ырасталганы менен, күн сууктаганы баа дагы кымбатташы ыктымал. Көпчүлүк кардарлар отун-сууну кыш кирип, алгачкы аяз баш баккандан кийин камдоого киришерин эсепке алсак, азыркы базар баасы кышында деле өзгөрүүсүз каларына эч ким кепилдик бере албайт.