Жаңылыктар
Мамлекеттик жеңилдетилген насыянын негизинде турак-жай алгандардын пайызы төмөндөдү
Экономика
Мамлекеттик жеңилдетилген насыянын негизинде турак-жай алгандардын пайызы төмөндөдү

Ош шаарында 2017-жылдын октябрь айында 362 тургун мамлекеттик жеңилдетилген насыянын негизинде турак-жайга ээ болгон. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын курулуш жана жерди пайдалануу департаментинин башчысынын орун басары Кадырахун Жолдошбаев билдирди. Жеңилдетилген насыя 12 жылга берилген.

Бул тууралуу кененирээк маалымат алууну каалгандар департаментке кайрылса болот. 1-октябрдан тарта мамлекеттик насыя 10-12%дан 8-10%га түштү. Мамлекеттик насыя компаниясы түзүлгөн 1,5 жылдан бери 1800 жаран турак-жайга ээ болгон. Жалпы берилген насыянын суумасы 2 млрд 200 млн сомду түзгөн.

Учурда республика боюнча 10 миңден ашык жаран насыя алуу үчүн каттоого алынган. Эгерде жарандын 30% накталай каражаты болсо, 8% менен насыя алууга укуктуу. 30% дан аз каражаты болсо анда 10 % менен насыя берилет. Мындан тышкары мамлекеттик насыяны буга чейин 10-12% менен алган кардарлардын пайыздык үлүшү 8-10 пайызга ылдыйлатылды.