Жаңылыктар
Массалык башаламандык уюштуруу аракетине шектелип Мелис Аспеков камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Массалык башаламандык уюштуруу аракетине шектелип Мелис Аспеков камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында жарандык активист Мелис Аспеков камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Мекенчил" саясий партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков, шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан кийин, бир топтун кызыкчылыгы үчүн бир нече адамдар менен макулдашып, бийликти басып алуу, өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу боюнча иш аракеттерди даярдоого катышкан. 

Ага катар Аспеков Канат Исаев жана "Республика" партиясынын айрым мүчөлөру менен байланышта болуп, шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштуруу үчүн тарапташтарын чогулутуу аракетин жасаган. УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы аталган факты боюнча 9-октябрда кылмыш ишин козгоп, активист Мелис Аспеков камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.