Жаңылыктар
Салыктан качкан ырчы жана тамадалар эскертүү алышты
Кыргызстан жаңылыктары
Салыктан качкан ырчы жана тамадалар эскертүү алышты

Мамлекеттик Салык кызматы Бишкек шаарындагы ресторан жана кафелерде рейд өткөрүп, салык мыйзамдарын бузган операторлорду, сүрөтчүлөрдү, тамада, ырчы жана бийчилерди кошуп жалпысынан 67 ишкерди аныктаган. Рейд учурунда эстрада ырчылары уруксат берүүчү документтерин көрсөтө алган эмес.

Мындан сырткары тамадалардын да тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Рейдде сүрөткө тартуу кызматын көрсөткөн 33 субъекттин 24үндө ыктыярдуу патенти болгон, калган 9унда уруксат берүү документи болгон эмес. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү рейддик иш-чаралардын актысы түзүлүп, бардыгына эскертүү берилди. 

Тойлорду алып баруу жана тейлөө кызматына патенттин баасы айына 500 сомдон 2500 сомго чейин турат. Ишкерликтин бул түрү боюнча Салык кызматына 2017-жылдын сегиз айында 665 миң сом түшкөн. Салык кызматы мындай текшерүүлөрдү дагы улантарын билдирди.