Жаңылыктар
Өлкөгө стабилдүүлүк керек
Саясат
Өлкөгө стабилдүүлүк керек

Шайлоо жакындаган сайын активисттер менен жарандык коомдун өкүлдөрү ошончолук талкуулап, өлкөгө стабилдүүлүк гана керектигин айтып жатышат. Мамлекеттеги туруктуулук жана улут аралык ынтымак эң башкы байлык. Жарандык коом жана демократия үчүн коалициясы, ошондой эле, коомдук активисттер элди ынтымакка чакырууда. 

Айтымында, алар өлкөдөгү коомдук жана саясий кырдаалга кайдыгер эмес. Учурда ынтымак, биримдик, улут аралык бейпилчиликти, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо зарыл болуп турат. Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга кайдыгер карабаган жарандар элди тынчтык менен ынтымакка үндөп чыгышты. Алардын пикиринде мекен, улут тагдыры эстен чыгарып, мансап, бийликке умтулган айрым саясий күчтөрдүн чагымдарына алдырбоо керек. 


Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"