Жаңылыктар
Аида Саляновага сот өкүмү чыкты
Коррупция
Аида Саляновага сот өкүмү чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы баш прокурор, Аида Салянованы Ленин райондук соту үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратууну өкүм чыгарды. 

Мындай маалыматты мамлекеттик айыптоочу Нурлан Тагаев маалымат каражаттарына билдирди. Чечимге ылайык, өкүм Салянованын эң кичүү баласы 14 жашка чыккандан кийин ишке ашат. Сот ошону менен катар анын өлкөдөн сыртка чыгуусуна тыюу салды. 

Учурда Салянованын кичүү кызы эки жашта.Эске сала кетсек, 2016-жылы декабрь айында Башкы прокуратура депутат Аида Саляновага карата юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп кылмыш ишин козгогон.