Жаңылыктар
"Дача Суда" жабыркагандарга жардам берилди
Кыргызстан жаңылыктары
"Дача Суда" жабыркагандарга жардам берилди

«Дача СУ» айылында учак кырсыгынан жабыркагандарга колдоо көрсөтүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын жана мекемелер аралык топтун иши жыйынтыкталды.

 Сегиз ай аралыгында жабыркагандардын бардыгы турак жайлуу болушту. Ага чейин убактылуу үй менен камсыз кылынган. Мындан сырткары Түркиянын Анталья шаарында эс алып, ден-соолуктарын чыңдашты. 

Мындан сырткары ата-энелеринен айрылган балдардын ар бирине атайын эсептер ачылылды. Аларды балдар он сегиз жашка чыкканда өздөрү колдонот. Бул жардамдар 16-январда кыйраган “Боинг-747-400” учагы таандык болгон “АСТ Эйрлейнс” компаниясы тарабынан жана жабыркагандарга өлкө жарандары которгон каражаттын эсебинен берилди.