Жаңылыктар
БШК Өмүрбек Бабановго Ошто сүйлөгөн сөзү үчүн эскертүү берди
Шайлоо 2023
 БШК Өмүрбек Бабановго Ошто сүйлөгөн сөзү үчүн эскертүү берди

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурмунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун,   Он-Адыр айылында эл менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү үчүн эскертүү берди. 

Эске сала кетсек  талапкер Бабановдун  28-сентябрда Оштун Он-Адыр  айылынын тургундары менен жолугушуусунда айткандары кыргыз-өзбек улуттарынын  ортосунда  чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген чочулоолор айтылган эле. 

БШК келип түшкөн  80ге жакын арыз-даттануулардын көбү дал ушул маселе боюнча жызылганын БШК мүчөлөрү жана көз карандысыз  эксперттер буга чейин белгилешен.  Ушуну менен  президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов үчүнчү ирет эскертүү алды.