Жаңылыктар
Ош облусунда шайлоо даярдыктары соңуна чыгууда
Шайлоо 2023
Ош облусунда  шайлоо  даярдыктары соңуна чыгууда

15-октябрь күнү Ош облусунда 488 шайлоо участкасы иштеп, анда 588 мин 378 жаран добуш берүүгө катышаары анык болду. Ош шаарында болсо 73 тилкеге 158 миң 346 шайлоочу катталды. Бул күнгө чейин шайлоо комиссиялары жана операторлор окутулуган. Эми алар тестирлөөдөн өтүшөт. Тагыраагы, автоматтык урналарды иштетүү жана жарандардын өздүгүн текшерүү боюнча даярдыктары каралат. Булар тууралуу БШКнын Ош аймагы боюнча өкүлү Расулбек Кадыров билдирди.

Өлкө боюнча шайлоодо жалпы 3 миллион 28 миң жаран добуш берүүгө укуктуу. Анын ичинен 18 миң 580 жаран чет мамлекеттерден добуш берет. 311 миң шайлоочу “2-форманын” негизинде, даректерин алмаштырган. Бирок 30-сентябрдан баштап, шайлоочулардын тизмесине кошулуу жана тизмеден чыгуу токтотулган. Алдыда дагы анык тизмени мамлекеттик каттоо кызматы тактап берет.

Учурда БШКнын адистери болсо, аймактардагы шайлоо тилкелеринин даярдыгын текшерүүдө. Негизинен ар бир участокко автоматтык урналар менен кошо керектелчү жабдуулардын баардыгы жеткирилди. Блютендер аймактык шайлоо комиссияларына таратылган. Шайлоого 3 күн калганда участокторго жеткирилмекчи. Ар бир шайлоо тилкелерине 2ден автомттык эсептөөчү урналар берилген. Себеби биринчиси техникалык себептерден иштен чыкса, экинчиси колдонулат. Мындан сырткары, атайын электр кубатын кармап туруучу жабдуулар дагы бар. Эгерде шайлоо күнү электр жарыгы өчүп калса, ал техникалар 2 саат бою электр энергиясы менен камсыздоого жарап турат. Президенттик  шайлоодо добуш берүүнү уюштурууга өзгөртүүлөр да киргизилгени эсиңизде болуш керек. Буга чейинки шайлоолордо жарандар баш бармагы менен идентификациядан өтүп келчү. Анда бармак изи аркылуу өздүк маалыматы бар туруп, монитордон чыкпагандар да кездешкен. Ошондуктан, эми шайлоочулар жүзүнүн параметрлери аркылуу да идентификациядан өтө алышат. Ушундай эле жеңилдиктер добуш бергендерин санын аныктоо боюнча иштелип чыккан.

15-октябрга чейин көзү начар көргөндөр үчүн лупалар участокторго тартылат. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көчмө урналар даярдалды. Алар 14-октябрь шайлоого бир күн калганда, үйлөрүнөн туруп добуш бере алышат. Белгилей кетсек, өлкөдө президенттик шайлоого биометиркалык маалыматы барлар гана катышууга укуктуу.

Асанбек  Пазыл, Биринчи радио