Жаңылыктар
Быйыл картөшкөнүн түшүмү мол болуп, дыйкандардын эмгеги акталууда
Айыл чарба
Быйыл картөшкөнүн түшүмү мол болуп, дыйкандардын эмгеги акталууда

Быйыл картөшкөнүн түшүмү жакшы. Серепчилердин божомолунда жыйнала турган түшүм 1 миллион 400 тоннага жетери күтүлүүдө.   Учурда базарларда сатылып жаткан картөшкөнүн баасы 25 сомдон жогору болууда.                                                                                                        

Картөшкө казып алуу азыр Ысык-Кол облусунун  айылдарында кызыган. Облустук агрардык сектор башчысы Эркинбек Сагынбековдун  айтымында ар бир гектар аянттан алынган  тушүм бир тонна 600 килден айланууда. Бул дыйкандардын эмгегинин акыбети кайтат  деген кабар берет.  

Агрардык тармактын серепчиси Сейтек Кулубаев  экинчи нан катары баалаган картөшкөнүн түшүмү жогору болгондуктан аны жеринде  кайра иштете турган чакан жана орто ишканаларды ачуу зарылдыгын эске салат.  

Экономика министрлигинин  аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиевдин айтымында баага  ортомчулар дагы таасирин тийгизүүдө. Бизде  эркин экономикалык рынок болгондуктан ортомчулар ар кандай бааны кое алышат.  Болжол менен 20 пайызга чейин кошушат. Бирок бааны өтө эле кымбаттата дагы  алышпайт. Себеби товарга болгон бааны рынок өзү аныктайт. 

К.Калилов, Биринчи радио