Жаңылыктар
Түркия менен АКШ бири-биринин жарандарына виза берүүнү убактылуу токтотту
Дүйнө
Түркия менен АКШ  бири-биринин жарандарына виза берүүнү убактылуу токтотту

Орус басылмасы Түркиялык  Yeni Şafakafak  гезитинин маалыматына таянып, өткөн жумада өлкөнүнүн  күч түзүмдөрү АКШ консулдугунун  жергиликүү  кызматкери  Метин Топуз  камакка  алганын кабарлайт. Аны  расмий Анкара  АКШда баш паанек тапкан диний ишмер  Фетхулла Гүлендин уюму  менен байланышы бар деп айыпталууда.  

Ошол эле убакта Топуздга  түркиялык   күч түзүмдөр   “Конституцияны бузган”, “өкмөттү кулатууга аракеттенген” деген айыпты койду . Мындан сырткары Yeni Şafak  басылмасынын маалыматы боюнча Топуз  уюлдук телефон аркылуу тыюу салынган «Аль-Каида»   менен сүйлөшүүлөрдү  жүргүзгөн - деп РБК басылмасы баса белгилейт.

Россиялык басылманын айтымында 1990-жылдардын аягынан бери Гүлен АКШда жашайт. 16- майда Реджеп Тайип Эрдоган   АКШнын президенти  Дональд Трамптан  Гүленди  Түркияга өткөрүп берүүсүн талап кылган. Бирок Трамп Гюленди Анкарага өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Ошол эле маалда Эрдоган Гүлен үчүн  гана   АКШ менен мамилесин   бузуп жатабы? деген суроо жаралат .Автордун  көз карашында Эрдоганды мындай кадамга барганы башкача түшүндүрсө болот.Себеби   март айында  АКШда Эрдогандын үй-бүлөсү менен ымаласы жакшы ишкер Реза Заррабты  камакка  алган. Аны  , АКШнын  Юстиция Министирлиги Иранга каршы  Вашингтондун  киргизген санкцияларды бузуп,мыйзамсыз каржылык операцияларды жүргүзгөн деп шек санайт. 

Андан тышкары АКШнын пикиринде   Түркиянын мурдагы экономика министри, азыркы учурда  парламенттин депутаты Мехмед Зафар Чаглаян , Halkbankтын  жетекчиси  Сулейман Аслан  жана дагы  эки түрк  мамлекеттик кызматкер Зарраб  менен  биргеликте  мындай иш- аракетти  жасаган.. Булардын ичинен бирөөсү учурда АКШнын түрмөсүндө  отурат.

Адегенде Эр-Рияд аймактагы абдан маанилүү эл аралык  “Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташуу  кеңеши “ аттуу уюмдун мүчөлөгүн токтотту.Бириккен Улуттар  Уюму Йемендеги абалды жөнгө салуу үчүн сунушун берди.Анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңеши   жана 30 өлкөнүн катышуусуу  менен Йеменде тынчтыкты орнотуу  туралуу долбор иштелип чыккан. Салехке     аны куугунтуктубайт деген мыйзам кабыл алгандан кийин ,ал өзүнүн партиясынын мүчөсү жана Йемендин түштүк тарабынын өкүлү  Абд-Раббо Мансуру Хадиге бийликти өткөзөт.

Даярдаган Алмаз.Батилов.  Тааныштырган Сүймөнкул Идрисов, Биринчи Радио