Жаңылыктар
Кыргызстандын ички дүң продукция өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын ички дүң продукция өстү

Алдын ала эсептөөгө ылайык тогуз айдын жыйынтыгы менен өлкөнүн ички дүң продукциясы 334 миллиард сомду түздү.Көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырганда 5%га өскөнүнөн кабар берет. Бул туурасында Улуттук статистика комитети тогуз айдын жыйынтыгы менен өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу курган маалымат жыйынында билдирди. 

Маалыматка караганда, өндүрүш - 49%, айыл-чарбасы - 15, курулуш 7%га өсүп, жалпы суммасы 161 миллиард сомду түздү. Муну менен Кумтөрдү эсепке албаганда ички дүң өндүрүм 3,6 пайызга өскөнү байкалды. Өндүрүштүн көлөмү жер астынан металлдарды казуу, мунай азыктарын кайра иштетүү, минералдык жана тамак аш азыктарын иштетип, сатуунун эсебинен өскөн. Алты айда өлкө боюнча 53 миң 142 жаңы жумуш оруну түзүлдү.