Жаңылыктар
"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү"
Маданият
"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү"

"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кино фестивалы 12синен-15-декабрга чейин Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында өтөт.

 "Фестивалга 30 мүнөттөн ашпаган документалдык, анимациялык тасмалар катыша алат. Арыздарды кабыл алуу 1-ноябрга чейин уланып, учурда жалпысынан 200 тасма келип түшкөн.

 Бул жылы маданий иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналат. Уюштуруучулардын айтымында, конкурс эки программадан - эл аралык жана улуттук деп бөлүнөт. Ар бир программа боюнча 15тен тасма тандалып алынат. 

 Фестивалдын алкагында мастер-класстар, атайын көрсөтүүлөр өтөт. Жыйынтыгында "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Калыстардын атайын призи" сыяктуу жана башка номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Байге фонду - 500 миң сом.