Жаңылыктар
Ысык-Көлдө ири мүйүздүү малды идентификациялоо иши башталды
Ден соолук
Ысык-Көлдө ири мүйүздүү малды идентификациялоо иши башталды

Ысык-Көл облусунда ири мүйүздүү малды идентификациялоо иши башталды. Ушул жуманын аягына чейин ири мүйүздүү малдын кулагына тагылуучу биркалар толугу менен келип, райондорго таратылып берилет. Ал эми мал чарба адистери, ар бир чарбага барып малды бир сыйра кароодон өткөргөндөн кийин идентификация жумуштарын жүргүзөт. 

Ветеринар адистердин билдирүүсүндө, идентификациялоо иштери менен бирге шарп илдетине каршы эмдөө жана бруцеллез ылаңына карата кан алуу иштери жүргүзүлөт. Эске сала кетсек, жалпы Ысык-Көл облусунда ири муйүздүү малдын саны эки жүз он алты миңди түзөт.