Жаңылыктар
Мьянма менен Кыргызстандын футбол беттеши 2:2 менен аяктады
Спорт
Мьянма менен Кыргызстандын футбол  беттеши 2:2 менен аяктады

Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады. Аталган оюн 2019-жылдагы Азиянын футбол конфедерациясынын кубогуна тандоо оюндарынын алкагында (4-тур) 10-октябрда Мьянманын Янгон шаарындагы Thuwanna стадионунда өтүп, 2:2 эсебинде аяктады.

Алгач Кыргызстан тараптан Антон Землянухин атаандашынын дарбазасына айып тобун таамай тээп, гол киргизди. Андан соң экинчи тайм башталганда Виктор Майер кыргыз тараптын пайдасына экинчи голду киргизип, улуттук кураманын катарында Кыргызстан үчүн алгачкы голду өзүнүн эсебине жазды. Андан соң мьянмалыктар бир голду киргизүүгө жетишти. 

Оюндун негизги убактысы аяктагандан кийин төрт мүнөт кошумча убакыт берилген. Беттеш бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда Мьянма оюнчулары экинчи голду Кыргызстандын дарбазасына узатып, эсепти теңөөгө жетишти. Кыргыз футболчулары алдыда 14-ноябрда Макао курамасы менен беттешет.