Жаңылыктар
Туристтердин көңүлүн бурган “Асанбай” арт-борбору
Маданият
Туристтердин көңүлүн бурган “Асанбай” арт-борбору

Бишкекте ачылган “Асанбай” арт-борбору туристтердин көңүлүн бурган маданий жай болуп калууда. 

Борбордун уюштуруучусу Аида Сулованын айтымында, борбордо коюлган ар бир эмгек өзгөчөлөнгөн заманбап исскуствону даңазалоодо. Сыртынан караган адамга бул эмгектер жөн гана сүрөт болуп көрүнгөнү менен, тандалган боектордон баштап, тематикалары аркылуу, жашоодогу азыркы каармандардын жашоосун чагылдырып турат. 

Андан сырткары борбордо Нью-Йорк шаарын көргүсү келип жүргөндөргө кадимки Бруклин көпүрөсүн элестеткен жагдайлар чагылдырылган. Галереяны уюштуруучулар билдиришкендей, имаратты толук оңдоп бүтө электе эле, исскуство күйөрмандары келип эмгектерди кызыгып көрүп башташкан.