Жаңылыктар
Тоңдо Алыбек баатырдын 230 жылдыгы белгиленди
Маданият
Тоңдо Алыбек баатырдын 230 жылдыгы белгиленди

Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында Алыбек баатырдын 230 жылдыгы белгиленип, урпактары баатырдын айкелин ачышты. Алыбек баатыр болжол менен 1787-1855 жылдары жашап өтүп, тарыхтын таттаал чакырыктарына жараша элинен чыккан баатыр катары өз жерин сактап, өз мамлекетин бекемдөөгө, уруулук, ар тараптуулуктан арылып биримдешүүгө чоң салым кошкон инсан болгон. 230 жылдык маараке ак таңдай акындардын айтышы, ат оюндары менен коштолду. 

Алыбек баатырдын урпактары анын айкелин жолдун боюна, көпчүлүк суктанып келген көл жээгине тургузууну көп жылдан бери максат кылып келишкен. Себеби өсүп келе жаткан жаш муундун өкүлдөрү баатырдын эрдиктерин, өз элин, мекенин коргогонун турганын канча мезгил өтсө да таанып билиши керек.

Тарыхчылардын айтымында Ормон хан жаңыдан Кыргыз мамлекетинин башчылыгына келгенде Алыбек баатыр өлкөнү башкарууга ак дилинен, чыныгы иш билги инсан катары кызмат кылып берген баатыр болгон.