Жаңылыктар
Чүйдө айыл-чарба продукцияларын экспортко даярдоочу ишкана ачылды
Айыл чарба
Чүйдө айыл-чарба продукцияларын экспортко даярдоочу ишкана ачылды

Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында айыл чарба продукцияларын сактап, экспортко чыгаруучу ишкана ачылды. Анын ачылышына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана дыйкан-фермерлер менен ишкананын кызматкерлери катышты.

Картошка, сабиз, капуста, пияз, кызылча, түрптү жууп, тазалап, сорттоп, сактай турган жай кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 1,5 миллион доллар насыя алып курулду. Беш жылдык мөөнөткө алынган насыянын жылдык үстөгү 4%. Насыяга логистикалык борбордун имараты курулуп, жашылчалар жуулуп, сорттолуучу, муздаткыч жана жел берүүчү жабдыктар сатып алынган. 

Түшүм жыйноо маалында 100 жумуш орду түзүлөт. Ишкана эл аралык стандартка ылайык, тармак боюнча голландиялык кеңешчилердин катышуусунда салынган. Компания ЕАЭБ базарынан сырткары, алыскы өлкөлөргө да айыл-чарба азыктарын экспорттоону максат кылат. Ишкана Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунун дыйкан-фермерлери өстүргөн жашылчаларды сатып алат.