Жаңылыктар
Сочиде ЕАЭБ менен КМШ өлкөлөрүнүн саммити өттү
Саясат
Сочиде ЕАЭБ менен КМШ өлкөлөрүнүн саммити өттү

Сочиде Евразия эномикалык биримдиги менен Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин саммити өттү. Ага Кыргызстандан премьер-министр Сапар Исаков катышты. Жыйында бир катар документтерге кол коюлду.

Мамлекет башчыларынын саммитине президент Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Анын ордуна Сочиге премьер-министр барды. Жыйында өзгөчө мааниге ээ чечимдерди кабыл алуу күтүлгөн эмес.
Мамлекет башчысы шайлоонун алдында Кыргызстанда гана болууну каалады. Себеби дээрлик ар күн сайын айрым күчтөр тарабынан баш аламандык жаратуу боюнча кооптуу абал тууралуу коңгуроо кагылып жатат. Төңкөрүшкө даярдык көрдү делген депутат менен активисттин кармалышы эл билгени гана. Андан башка да коомчулукка белгисиз маалыматтар бар.
Отурумга төрагалык кылган Орусия саммитти Москвада эмес, Кара деңиздин жээгинде өткөрүүнү туура көргөн. Сочиде жайдын аба-ырайын сезүүгө болот.

КМШга Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Белоруссия, Молдова баштаган 11өлкө мүчөлүк кылат. Узак убакыттан бери бири-бирине болгон таарынычтары тарабаган Азербайжан менен Армениянын мамлекет башчылары да бирге жыйынга катышууга аргасыз.