Республика аймагындагы коомдук транспорттордогу жол кире жогорулайт. Учурда борбор калаадагы шаар тургундары кичи автобустарга 10 сом төлөшсө, кийин алардын акысы 13 сомдон 17 сомго чейин болуп калат. Муну айдоочулар күйүүчү майдын жогорулашы жана авто унаанын тетиктеринин кымбат болгондугу менен түшүндүрүүшүдө. Ал ортодо мындай баага жүргүнчүлөр нааразы.
Өлкө аймагындагы коомдук транспорттордогу жол кирени жогорулатуу маселеси көтөрүүлүдө. Анда азыркыдай 10 сом эмес жол кире 13 сомдон 17 сомго чейин көтөрүлөт. Муну алар коомдук транспортту жакшыртууга акча калбай, жарандардан алган 8 жана 10 актабай жаткандыгы менен түшүндүрүшүүдө. Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт Башкармалыгынын башчысы Болот Мамышев мындай дейт:
Жол киренин качан көтөрүлүшү азырынча белгисиз. Бирок бул баа саясаты боюнча маселер бар. Анткени шаардагы коомдук транспорттор киреше алып эмес, чыгаша болуп иштеп жатышат. Жүргүнчүлөрдү ташуучулар официалдуу кайрылышкан. Учурда биз карап жатабыз. Бул социалдык көйгөй болгондуктан, айлык маяна, шаардыктар бааны көтөрө алабы деген маселер каралат. Чечимди шаардык кеңеш кабыл алат.
Бааны көтөрүү демилгеси менен жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалар мэрияга жана Шаардык Кеңешке кайрылышкан. Учурда жумушчу топ бул маселенин үстүндө иш алып барышууда. Борбор калаадагы Транспорттук ишканалардын биринин директору Юрий Петровдун айтымында жол кирени жогорулатуу максаттуу болуп, коомдук траспортторду техникалык жактан жакшыртууга багытталыш керек.
Бааны жөн эле көтөрүп коюу эмес. Жол кирени көтөрүү менен коомдук транспорттордун абалын жакшыртуу жана жаңылоо зарылчылыгы бар. Мисалга көп адам баткан автобус жана троллейбусту алуу маселелер бар. Аны кылуу үчүн каражат керек. Мына бул көйгөйлөрдүү чечүү үчүн көтөрүү зарыл. Андан сырткары биздикиндей арзан жол кире жок батышты тим эле кой, коңшу Казакстанда биздегидей арзан баа жок. Аларда баа жогору, аны менен бирге иштеген коомдук тарнспорттордун абалы дагы мыкты.
Бааны көтөрүү же көтөрбөө чечими 2-3 ай аралыгында кабыл алынат. Ага чейин жумушчу топтун жыйынтыгы Шаардык кеңешке жана Экономика министрлигине жиберилет. Бирок шаар тургундары үчүн бул чечим тынсыздандырбай койбойт. Анткени жарандардын көпчүлүгү автобус, троллейбус жана кичи автобустар менен жүрүшөт.
Учурда борбор калаада 41 комерциялык фирманын 2 миңден ашык кичи автобустар жарандарды ташышат. Андан сырткары муниципалдык троллейбустар жана автобустар шаар тургундарына кызмат көрсөтөт.