Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Ош облусунун активи жана коомучулугу менен жолукту
Саясат
Алмазбек Атамбаев Ош облусунун активи жана коомучулугу менен жолукту

Суроо-жооп ирээтинде өткөн жолугушууда мамлекет башчысы облустардагы жол, мектеп, ооруканалардын курулушу, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана ирригация системасы өнүктүрүү тууралуу суроолорго жооп берди. Алмазбек Атамбаев облус элине колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле президент чек ара маселеси боюнча Өзбестан менен сүйлөшүү тууралуу маселеге токтолду. Мамлекет башчысы алдыдагы шайлоо тууралуу сөз кылып, президентти тандоо таза жана демократиялык негизде өтөөрүн билдирди.