Жаңылыктар
Өкмөт тарабынан кыргыз-казак чек арасында турган жарандарга кам көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт тарабынан кыргыз-казак чек арасында турган жарандарга кам көрүлүүдө

Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды чатырлар жана ысык тамак менен камсыз кылууну тапшырды. 

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы абалды ошондой эле алдыдагы аба ырайынын суук болушун эске алуу менен Өкмөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды ысык тамак-аш, ичүүчү суу жана биотуалеттер менен камсыз кылууну жана чатыр тигүүнү тапшырган.

 Саламаттыкты сактоо министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына дарыгерлер тобун бөлүүнү, түнү-күнү медициналык тез жардам көрсөтүүнү камсыз кылууну милдеттендирди. 

Аны менен бирге Экономика министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында турган оор жүк ташуучу унаалардын санын жана андагы тез бузулуучу азыктарды ташыган унааларды аныктап чыгуу тапшырмасы берилди.