Жаңылыктар
Борбор калаада Аламүдүн дарыясына салынып жаткан көпүрө ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада Аламүдүн дарыясына салынып жаткан көпүрө ачылды


Борбор калаанын ички жолдорун оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Аалы Токомбаев проспектисин кесип өткөн Аламүдүн дарыясына салынып жаткан көпүрө ачылды. Бул планга кирип, 2 жылдын ичинде салына турган алты көпүрөнүн алгачкысы.

Калаа башчысы билдиргендей, көпүрө менен жергиликтүү тургундар шаардын чекеси менен борборго чыгып кеткенге мүмкүнчүлүк алат. Аны менен катар жол тыгындары да азаят.

Көпүрөнүн узундугу 54, ал эми туурасы 15 метр. Анын аркасы менен ага жакын жайгашкан дагы 12 көчө оңдолуп бүтүп, ишке берилди.

Адистердин айтымында, көпүрө бардык талаптарга жооп берет. Буга чейин кеткен кемчиликтер эске алынып, жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын тосулган тротуарлар да салынган. Эгерде эки жылдын ичинде жаңы оңдолгон жолдор жараксыз абалга келсе, анда тендерди утуп алган кытай тарап өз каражатына кайра калыбына келтирүү иштерин мойнуна алды.

Мындан сырткары ордо калаага дагы 6 көпүрө түшөт жана узундугу 95 чакырымга созулган 49 көчө оңдолот. Курулуш иштерин 2018-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган.