Жаңылыктар
Ош шаарында футбол академиясынын ачылыш салтанаты болду
Спорт
Ош шаарында футбол академиясынын ачылыш салтанаты болду

Ош шаарында футбол академиясынын ачылыш салтанаты болду. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышты. Долбоорду ишке ашыруу демилгесин футбол федерациясы көтөрүп, 2012-жылы бул сунуш менен эл аралык футбол федерациясына кайрылышкан. Долбоор колдоого алынып, курулушка бир миллион доллар бөлүнгөн. 

Футбол академиясынын ачылышын Алмазбек Атамбаев тынчтык жана ынтымак, Ош шаарынын гүлдөп өсүп жатканына далил болгон окуя катары баалады. Мындан бир нече жылдар мурун эле бул өңдүү иш-чаралар элдин кыялы гана болчу.

Өлкө башчы бүгүнкү күндө Ош өнүгүү өсүү жолунда экенин белгиледи. Айтымында, мектеп, бала бакчалардын курулушу жана футбол академиясынын ачылышы- балдардын келечегине болгон камкордук. Жаңы ачылган академияда бир убакта 80 бала окуп, жашап жана футбол менен машыкса болот. Мындан сырткары келип кетүү негизинде миңдей бала катыша алат. Академиянын 2 чоң жана 4 кичи футбол аянтчалары бар. Анда балдар гана эмес, кыздар да машыкса болот.

Академиянын курулушуна бир миллион доллар өлчөмундөгү каражатты эл аралык футбол федерациясы бөлгөн. Бул жерде спортчу балдарга бардык шарттар түзүлгөн: ашкана, уктоочу, эс алуучу бөлмө, кийим которуу жайы жана окуу класстары. Спортчуларды даярдоо үчүн тажрыйбалуу машыктыруучулар чакырылган. Жаңы спорт комплексинин жайгашкан жери да жөн жерден тандалып алынган эмес.

Өлкө башчы академиянын жаңы машыктыруучулары менен таанышып, алар келечекте жаңы футбол жылдыздарын даярдап чыгат деп үмүттөнөөрүн билдирди. Ага катар “Газпромдун” өкүлүнө Ошто ден- соолукту чыңдоочу жай куруу убадасы тууралуу эскертти. Спортчулар жана шаар тургундары менен болгон жолугушууда президент дагы бир жолу тынчтык, ынтымак маселесине токтолуп, чагымчылдыкка жол бербөөгө чакырды.