Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз болуп, кезек күткөндөрдүн саны көбөйүүдө
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз болуп, кезек күткөндөрдүн саны көбөйүүдө

Казак тарап өткөрмө бекетинде күчөтүлгөн тартип киргизгенине 2 күн болду. Бирок бул убакыт аралыгында абал өзгөрө элек. Таластагы "Чоң-Капка" жана Чүйдөгү «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кечээтен бери кырдаал ошол эле бойдон. 

Чек арачылардын маалыматында кечээ түнкү саат 10 жарымдан 12 ге чейин казак чек арасынын иштөөсү кадимки тартипте иштеп, бул жердеги жөө адамдардын бардыгы казак тарапка өтүүгө үлгүрүшкөн. Ал эми кезек күткөн унаалардын саны да бир топ азайып калган эле. Бирок бүгүн эртең менен 8 жарымдан баштап, кайрадан күчөтүлгөн тартипке өтүшкөндүктөн, учурда жөө адамдардын саны улам көбөйүүдө. Ал эми кезек күткөн унаалардын саны болжол менен 200дөн ашат.



Учурда мамлекеттик чек ара кызматы жарандар менен автоунаалардын тез өтүүсү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Казак чек арачылары менен сүйлөшүү үчүн бир нече жолу сунуш болгону менен, эч кандай жооп боло элек.

Премьер-министрдин тапшырмасы менен "Ак-Жол" өткөрмө бекетинин кире беришине тигилген чатырлар ишин улантып, ысык тамак-аш жана жылынуучу жайлар иштеп жатат. Күндөп-түндөп кезек күтүп, чарчагандан саламаттыгы начарлаган жарандар, тез жардам көрсөтүүчү чатырга келип кайрылып жатышат. Алардын көбү кан басымы жогорулап кеткендер.

"Ак-Жол" бекетинен Казакстан тарапка өтө албай турган жарандардын арасында башка өлкөдөн келген туристтер дагы бар болгону менен, кезек күткөндөрдүн көбү Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары. Мындан улам, Кыргызстандагы Казак диаспорасына жардам сурап кайрылгандардын саны дагы арбын болууда. Буга байланыштуу казак диаспорасынын өкүлдөрү элге кайрылуу жасады.