Жаңылыктар
Сапар Исаков Балыкчыдагы гемодиализ борборунан кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Сапар Исаков Балыкчыдагы гемодиализ борборунан кабар алды

Премьер-министр Сапар Исаков иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Анда өкмөт башчы Балыкчы шаарындагы жана Тоң районундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы аткарылып жаткан иштер менен тааныш болду. Ошондой эле Сапар Исаков билим берүү тармагындагы маселелер боюнча маалымат алды.

Балыкчы аймактык ооруканасына жеке ишкер тарабынан салынып берилген гемодиализ борбору ушул жылдын 1-июнунан тарта бөйрөк оорусуна чалдыккан жарандарды кабыл ала баштаган. Заманбап техника менен жабдылган борбордо 100дөн ашык жаран бюджеттин эсебинен дарыланып турат. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун белгилөөсүндө, гемодиализ бүгүнкү күндө курч туруп, карапайым калкты бушайман кылууда. Ошондуктан маселени чечүү үчүн комплекстүү түрдө долбоор иштеп чыгуу керек. 

Андан соң Сапар Исаков Тоң районундагы Муканбет Мамбетов Оттук айылдык орто мектебинин абалы менен таанышты. 320 бала билим жана тарбия алган бул билим уясы авариялык абалда болуп, урап калуу коркунучу алдында турат. Өкмөт башчы жаңы имаратты салуу үчүн жерди трансфармациялоо иштерин тез арада бүткөрүүнү тапшырды. 2018-жылдын 1-сентябрында ушул мектеп балдарга эшигин ачышы керек.

Ушундай эле маселе Бөкөнбаев айылындагы Токтобай Шамий уулу атындагы мектепте да бар. 2010-жылы өкмөттүн токтомуна ылайык мектептин эски имараты коопту абалда экени белгиленип, 2013-жылы жаңы имарат курула баштаган. Бирок ар кандай себептерден улам ушул кунгө чейин 275 орунду мектептин курулушу бүтпөй турат.

Кандай гана иш болбосун тиешелүү деңгээлде аткарылып, дыкат көзөмөлгө алынышы зарыл. Өзгөчө салынып жаткан жолдордун сапатына гана эмес, иштин жүрүшү да тыкан болушу керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Тоң райоунунун ички жолдорунун салынышы менен таанышып жатып билдирди.