Жаңылыктар
Таласта быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду
Айыл чарба
Таласта быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду

Таласта быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Дыйкандар гектарынан 100 тоннага чейин түшүм алууда. Ушул тапта облуста 500 гектардан ашык жерде кант кызылчасын жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Белгилей кетсек, 10 жылдан бери жашылчанын бул түрүн тикпей калган Таластагы дыйкандар өткөн жылдан тартып, аны өстүрүүнү кайрадан колго алышкан.

Бул Кара-Буура районунун Ак-Чий айылындагы элдин үлүш жери. Мындагылар жаш-карысына карабай талаада кант кызылчасын жыйнап жаткан учуру. Урмат Байызбеков былтыр 40 гектар үлүш жеринин 1 гектарына кант кызылчасын эксе, быйыл 3 гектарга көбөйткөн. Алдыдагы жазда 7 гектарга көбөйтүүнү пландап жатат. Буга кант кызылчасына суроо талаптын өсүшү себеп болгон. Азыр ал кант кызылчасынын тоннасын 3450 сомдон сатып жатат.

Жыйналган кант кызылчасы жүк ташуучу унаалар менен Маймак станциясына ташылып келинет. Мында Чүйдөгү «Кайыңды кант» заводунун базасы иштеп, таластык дыйкандардын өндүргөн жашылчасын кабыл алууда.

Таластык дыйкандар жыл башында Чүйдөгү «Кайыңды Кант» заводу менен эки тараптуу келишим түзүшкөн. Ага ылайык, завод дыйкандарды кант кызылчасынын уругу менен керектүү өлчөмдө камсыз кылат. Албетте, дыйкандар анын акчасын төлөп берет. Бирок завод берген уруктун сапаты жана түшүмдүүлүгү жогору экени айтылат. Келишим боюнча күзүндө кызылчанын бир тоннасын 3450 сомдон заводго сата алышат.

Былтыртан бери Таласта кант кызылчасын өндүрүүгө дыйкандарды үгүттөп жаткан кант заводу быйыл былтыркыдан көбүрөөк кант кызылча топтошот. Ошондуктан жол коопсуздугу үчүн темир жолундагы тийштүү участокторго ремонт-профилактика иштерин жүргүзүү үчүн Таласка инженерлерин жиберишкен.