Жаңылыктар
Футбол академиясында бразилиялык адистер иштешет
Спорт
Футбол академиясында бразилиялык адистер иштешет

Ош шаарында ФИФА тарабынан каржыланган футбол академиясынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш чарага президент Алмазбек Атамбаев, футбол федерациясынын президентти Семетей Султанов, Ош областынын губернатору Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана футбол ветерандары катышты. 

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев сөз алып алып сүйлөп, 500 миң сомду футбол академиясынын эсебине тапшырды.

"Өлкөдө тынчтык болсун. Балдарыбыз футбол ойноп, бактылуу балалыгын өткөрүшсүн. Кыргызстанда ар дайым жакшылыктар боло берсин".


2012-жылы Кыргыз Футбол федерациясы ФИФАга кайрылып, Ош шаарында футбол академиясын ачуу сунушун беришкен. Эл аралык футбол уюму аталган сунушту колдоп, 1 миллион доллар бөлүп берген. Бул тууралуу Футбол федерациясынын президентти Семетей Султанов билдирди. Эми футбол академиясы балдарды топтоп, аларды машыктыра башташат.

"Биз 5 жыл мурун футбол академиясын курууну мерчемдегенбиз. Былтыр толугу менен каражатка ээ болдук. Кечиккенинин себеби, ФИФАда жетекчилик алмашып, бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Бул нерсе академиянын курулушун кечеңдетти. Эми биринчи тапшырган балдар бул жайда кышында жашаар жашабасы белгисиз. Анткени, жатакана кыш мезгилине толугу менен даяр эмес. Кандай болорун убакыт көргөзөт".

Футбол академиясына таланттуу балдар тандалып алынат. Алар келишимдик негизде акча төлөп окуп-машыгышат.

"Футбол академиясына 3 областан таланттуу балдарды топтойбуз. Учурда 80 бала жашап, машыкса болчудай орун бар. Келечекте 100дөй бала бир убакта жашагыдай шарт түзөбүз. Академиябыз мыкты футболчуларды тарбиялап өстүрөт деп ишенебиз. Курамабыздын машыктыруучусу Александр Крестинин өзүнүн баласын да бул жайга тапшыртууну каалаганын айтты. Анткени ал мында жаш балдардын мыкты футболчу болуп өсүшүнө таасирдүү программа түзүлгөнүн түшүнүп турат"-деди Футбол федерациясынын вице-президентти Дастан Конокбаев.



Футбол академиясында Бразилиядан келген машыктыруучулар иш алып барат. Алар Карлос Энрике жана Оливейра. Бул адистерди Кыргыз футбол федерациясы таап, келишим түзүлдү. Эми алар спорттук билимдерин колдонуп, балдарды машыктыра башташат. 

"Бул жака жаңыдан келгендиктен, кыргыз футболунун ойноо философиясын изилдеп жатабыз. Бразилия менен Кыргызстандын футболунун философиясын ширештирип ортодон бир программа иштеп чыгабыз. Биз өзүбүздүн эмгегибиздин жемишин көргүбүз келет. Андыктан алдыда ишке ашырчу көп иш бар"- дейт бразилиялык адис Оливейро.



Маалым кыла кестек, ФИФАнын футбол академиясында бир учурда 100 балага чейин жайгашып, жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Андан тышкары футбол академиясында теориялык билим берүүчү атайын жабдуулар менен жабдылган окуу класстары, ашкана жана эс алуу бөлмөлөрү, кызматкерлер жана академиянын машыктыруучулары үчүн административдик жайлар бар.

Усубалы Мамбетов