Жаңылыктар
Атамбаев улуттук лидер катары кадыр-баркын бекемдеди
Саясат
Атамбаев улуттук лидер катары кадыр-баркын бекемдеди

Алты жылдан бери азыркы президент Алмазбек Атамбаев улуттук лидер катары кадыр-баркын бекемдеди. Эксперттердин баамында ал алдыдагы президенттик шайлоого катыша турган болсо, сөзсүз түрдө жеңишти камсыздамак. Бүгүнкү күндө президенттикке ат салышып жаткандардын арасында Атамбаевдин денгээлине тең келе тургандары жок-дешет алар. Ал арада айрым массалык маалымат каражаттары “Гуугул тренс” тиркемесинин малыматтарына таянып, соңку үч күндөгү издөөдө “Атамбаев”-деген сөз эң атактуу болгонун белгилешти. 

Айрымдардын Атамбаев эки-үч күндүн ичинде казакстандын президентти тууралуу айткандары менен атактуу болуп кетти -дегендерине жергиликтүү серепчилер макул эмес. Алардын баамында президенттин кадыр-баркы эки-үч күндө эмес жылдап чогулган. Ага болгон урмат-сыйдын көбөйүшү эл үчүн жасаган иштеринин натыйжасында болууда. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"