Жаңылыктар
Шайлоо: Акаев, Бакиев учурунда бюллетендер пачкалап ташталган
Шайлоо 2023
Шайлоо: Акаев, Бакиев учурунда бюллетендер пачкалап ташталган

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоо Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхындагы эң таза, жогорку атаандаштыктагы добуш берүү катары бааланып жатат. Бийлик колдон келишинче ачык айкындуулукка жол ачып, акыркы технология катары таанылган биометрикалык система ишке кирди. Ушундай шарттар түзүлүп жатканда өздөрүн интелегенция өкүлдөрү санаган Акаев менен Бакиевдин бир топ кадрлары акыл айтып, президенттикке кайрылып чыкты. Алар баягы эле админисративдик ресурс жомогун кайталаган. Өздөрү Акаев, Бакиев учурунда бюллетендерди пачкалап таштап, бийлик эл менен такыр эсептешпей калганда башын катып гана отургандыгын адистер эске салат. 

Бардык атаандаштарга бирдей шарт түзүү шайлоо системасын реформалоодогу эң башкы жыйынтык экенин серепчилер белгилешет. Мындай шарт буга чейинки парламенттик-президенттик шайлоололордо болгон эмес. Эксперттердин пикиринде айрым саясий күчтөр бийликти административдик ресурс колдонууга айыптап, өздөрү болсо шайлоочуларды сатып алуу үчүн болгон жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатышат. Анткени алар бийлик бизге басым жасап жатат деген шылтоолорун эчак эле даярдап койгон дешет адистер.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"