Жаңылыктар
Жалал-Абад: президенттик шайлоого карата даярдыктар аяктап калды
Шайлоо 2023
Жалал-Абад: президенттик шайлоого карата даярдыктар аяктап калды

БШКнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Дамир Жүндүбаевдин ырасташынча, азыркы учурда автоматтык эсептегич урналар боюнча тестирлөө жана шайлоо күнү керектелүүчү эмеректерди камсыздоо иш аракеттери жүрүп жатат.

Дамир Жүндүбаев кошумчалагандай, БШКнын токтомуна ылайык, 2 жарым миңден ашуун шайлоочусу бар шайлоо участкалары кошумча урналар менен камсыз болот. Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 426 шайлоо тилкеси бар. Ал эми добуш берүүчүлөрдун саны 545 миңден ашат.