Жаңылыктар
Баткен: А.Атамбаев аскер кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: А.Атамбаев аскер кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев Баткенге болгон иш сапарында аскер кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. 

90 батирлүү 3 үйдүн курулушу 3 жыл мурда башталган.3 кабаттан турган 90 батирлүү 3 үйдүн курулушу 2014-жылы башталган. Өзүнчө суу кампасы да курулуп, 24 саат таза суу үзгүлтүксүз берилет. Ар бир үйдүн алдында балдар ойноочу аянтча да бар.

Кыялбек Төлөнбаев Баткен аймактык чек ара башкармалыгынын башчысынын орун басары 16 жылдан бери чек ара кызматында эмгектенет. Батирден батирге көчүп жашап келген чек арачы эми үйлүү болду. Ал өз сөзүндө: “Буга чейин мен өкмөт тарабынан үй менен камсыз болгон эмес элем 19 жылдан бери.Азыр 4 балам бар ушул төрт баламды эске алып 3 бөлмөлүү батирди беришти.Бүгүн аябай ыраазы болуп кубанып турамын.Себеби бирөөлөрдүн батирлерин ижарага алып жашап келгенбиз.Мына эми жаңы заманбап үйдө жашайбыз.”- деп белгиледи.

Быйыл өлкө аймагында 400 аскер кызматкери үйлүү болду. Ал эми кийинки жылы дагы 500 батирди берүү пландалган. Учурда Чүй облусунда 30, Бишкекте 54, Ала-Бука районунда жана Ошто 24 батирлүү үйдүн курулушу жүрүүдө.